Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

ИИМ: Бишкектеги кырдаал көзөмөлдө


6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек
6-октябрь, 2020-жыл. Бишкек

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн, 6-октябрь күнү кечке жуук, ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын курамы менен жолугуп, коомдук коопсуздукту сактоону тапшырды.

Координациялык кеңештин маалыматына караганда, борбор калаа Бишкекте талап-тоноочулукка жол бербөө максатында саясий партиялардын мүчөлөрүнөн жана ыктыярчы жаштардан турган топтор ири соода борборлорун, банк, кафе-ресторандарды, дүкөндөрдү кайтарууга алышты.

Координациялык кеңештин мүчөсү Жанар Акаев кырдаалга ар бир саясий партиянын лидери, жаштар кыймылдарынын жетекчилери жоопкерчилик менен көзөмөл кыларын "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги дүкөндөргө, банк филиалдарына кол салуу болгону тууралуу маалыматтар тараган.

XS
SM
MD
LG