Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Стамалиева: Президент Бишкекте


Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасаган. 6-октябрь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасаган. 6-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте. Бул маалыматты анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, президент бул күндөрү эч жакка кеткен эмес.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG