Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Ошто жана Кара-Сууда президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митингдер өттү


Оштогу тынчтык митинги. 8-октябрь, 2020-жыл.
Оштогу тынчтык митинги. 8-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаарындагы борбордук аянтта 500дөй кишинин катышуусунда президент Сооронбай Жээнбековду колдоп митинг өттү. Катышуучулар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин белгилеп, мыйзамдарды сактоого, тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырышты. Мындан тышкары улут, аймак аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын айтышты.

Ушундай эле мазмундагы акция бүгүн Кара-Суу шаарында да болду. Жергиликтүү эл, мамлекеттик кызматкерлер өлкөдө мыйзамдуулук орноп, тынчтык сакталышын талап кылып жөө жүрүшкө чыгышты.

Кара-Суу районунда акимдин милдетин Капарбек Абдиев аткарып жатат. Буга чейин Руслан Маматов аттуу жаран 6-октябрь күнү өзүн аким деп жарыялаган.

Мурунку аким Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалганын Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG