Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:42

Орусия: Ереван менен Бакунун дипломаттары Москвада сүйлөшөт


Тоолуу Карабак. 7-октябрь, 2020-жыл.

Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабак маселеси боюнча 9-октябрда Москвада өтүүчү кеңешмеге катышат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Армениянын Орусиядагы элчиси тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян жума күнү кечирээк Москвага бара турганын ырастады. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов орус баш калаасына качан барары так белгисиз.

Кремль 8-октябрда билдиргендей, бул сүйлөшүүлөргө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров ортомчулук кылмакчы. Буга чейин орус президенти Владимир Путин эки тарапты диалогго чакырып, Тоолуу Карабактагы аскердик аракеттерди токтотууга үндөгөн.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой жатат. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулууда. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тоолуу Карабактын армиясы кармаш башталгандан бери 350дөй аскеринен айрылганын билдирди. Азербайжан тарап жоокерлер арасында кандай жоготуу болгонун так маалымдай элек.

XS
SM
MD
LG