Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Элдик кошуундун мүчөлөрү Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырууда


Элдик кошуундун мүчөлөрү. Бишкек шаары. 7-8-октябрь, 2020-жыл.
Элдик кошуундун мүчөлөрү. Бишкек шаары. 7-8-октябрь, 2020-жыл.

Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев шаар тургундарын Бишкектин коопсуздугун чогуу коргоого чакырды. Ал бул тууралуу 14-октябрда басма сөз жыйынында айтып, кырдаалды олку-солку кылууну көздөгөн топторго каршы бир муштум болуп чыгууга чакырды.

Тербишалиев саясий күчтөрдүн жетекчилерине кайрылып, саясий маданиятка ылайык сүйлөшүү жүргүзүүгө, талоончулук менен бүлдүрүүгө жол бербөөгө үндөдү.

«Коомдук тартипти бузбасаңар. Талап-тоноп, талкалоонун кереги жок, анткени анын баары элдики. Көпчүлүгү насыя акчага алынган, көп мээнет менен каражат сарпталган», - деди Тербишалиев.

Элдик кошуундун мүчөлөрү саясий лидерлерге кайрылып, тарапкерлерин көзөмөлгө алышын талап кылышты. Мындан тышкары шаардыктарды Бишкектин коопсуздугу үчүн кайдыгер болбой, түнкү күзөткө чыгууга үндөштү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкектин аймагына өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, саат 22:00-5:00 аралыгында коменданттык убакыт. Бул убакытта көчөдө жөө адамдар, автоунаалар, коомдук транспорт жүрбөшү керек.

Ушул тапта Өкмөт Үйүнүн алдында Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги уланып жатат. Алар Жапаров келмейинче аянттан кетпей турганын билдиришүүдө. Милиция аларга саат 22:00дөн тартып, коменданттык убакыт башталарын эскертти. Ал эми «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында легитимдүү бийликти жактап өтүп жаткан митинг тараганы кабарланды.

6-октябрдан бери Бишкектин коопсуздугуна элдик кошуундар бирикмеси милиция менен чогуу көз салууда. 10-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизилишине байланыштуу аларга аскер кызматкерлери кошулган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Абактардагы бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да тарапкерлери бошотуп алышкан.

Ошондон бери өлкөдө саясий кризис чечилбей турат. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. Президент Жээнбеков кырдаал турукташкан соң кызматтан кетерин айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG