Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

«Nokia Bell Labs» компаниясы Айга 4G Интернет орнотот


Сыноо полигонундагы билборд. Сентябрь, 2020-жыл. АКШ.
Сыноо полигонундагы билборд. Сентябрь, 2020-жыл. АКШ.

Финн-америкалык «Nokia Bell Labs» компаниясы Айга 4G Интернет орното турган болду. АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин иликтөө башкармалыгы (НАСА) ага ушундай тапшырма берди.

АКШнын маалымат каражаттары жазгандай, НАСАнын инженерлери Айдагы Интернет радиобайланышты жакшыртат деп эсептешет. Айга 4G тармагын орнотуу АКШнын Айда толук жарамдуу илим изилдөөчү базасын куруу боюнча планына да байланыштуу.

«Nokia Bell Labs» компаниясы өзүнүн системасы Айга 2022-жылы орнотула турганын жарыялады. Система астронавттарды ишенимдүү байланыш менен жабдып, Айдагы транспортту аралыктан башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тапшырманы аткарыш үчүн НАСА мобилдик байланыш компаниясына 14 млн. доллар берет.

XS
SM
MD
LG