Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

COVID-19: Беш бейтап кайтыш болду, вирус 549 кишиден жаңы аныкталды


Кыргызстан, Бишкек. Убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстан, Бишкек. Убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 21-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.

Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда катталды. Статистикага караганда, акыркы убакта коронавирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгондор негизинен Бишкекте жана Баткен облусунда катталып жатат.

Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1118 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылган. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

21-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 549 кишиден жаңы аныкталып, августтан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 53 459 адамды түздү. Анын 46 444ү сакайганы айтылды. Бир күндө 305 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2796 бейтап стационарда, 2612си үй шартында дарыланууда.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы күчөп жатканына байланыштуу август айында жабылган убактылуу стационарлар кайра ачыла баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG