Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

АКШ: Тоолуу Карабактагы элдешүү келишими 26-октябрда күчүнө кирет


АКШ мамткачысы Майк Помпео (оңдо) Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушкан учуру. Вашингтон, АКШ, 23-октябрь, 2020-жыл.
АКШ мамткачысы Майк Помпео (оңдо) Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушкан учуру. Вашингтон, АКШ, 23-октябрь, 2020-жыл.

Тоолуу Карабактагы согуш жүрүп жаткан аймакта дүйшөмбүдөн тартып элдешүү келишими күчүнө кирет. Бул маалымат АКШ, Азербайжан жана Армения биргелешип тараткан билдирүүдө жазылган.
Өткөн аптада АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Азербайжандын жана Армениянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөн.

Вашингтондогу жолугушууда Армениянын тышкы иштер министри сүйлөшүүлөргө Түркиянын кандай формада болбосун аралашуусуна каршылыгын билдирди. Ал Стамбулдун Бакуну колдоп жатышы - маселенин олуттуу бөлүгү экенин белгиледи.

Азербайжандын тышкы иштер министри Тоолуу Карабактагы «армян оккупациясы» токтотулушу зарыл экенин айтты жана сүйлөшүүгө Баку даяр экенин кошумчалады.

Карабакта жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Анын бири Москвада түзүлгөн. Бирок келишим ишке ашырылган эмес.

Жекшембинин таңында Азербайжан президенти Илхам Алиев Губадлы (Кубатлы) шаары ээленгенин билдирди. Эгер бул маалымат так болсо, Губадлы сентябрдан тартып уланып жаткан согуш убагында Азербайжандын көзөмөлүнө өткөн төртүнчү шаар болот.

Расмий түрдө Азербайжандын аймагына кирген, бирок армян улутундагыдар башкарып келаткан Тоолуу Карабакта 27-сентябрда кайрадан башталган согушта өлгөндөрдүн саны бир айда 900гө жакындады.

XS
SM
MD
LG