Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Жабык мекемелердеги коронавируска каршы чаралар тууралуу маалымат берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү түзөтүү колонияларын, аймактардагы психоневрологиялык мекемелерди жана балдар үйлөрүн кыдырып, COVID-19га байланыштуу көрүлгөн чаралар тууралуу жыйынтыктар менен тааныштырат.

Маалыматта айтылгандай, коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу аталган жайлардын даярдыгын баалоо боюнча иш-чаралардын 1-этабы соңуна чыкты.

Жабык мекемелерди кыдыруу иштери октябрь айында башталган. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы сырттан тартылган эксперт катары катышты.

Серепчилер COVID-19 илдетине байланыштуу аталган мекемелердин жетекчилери жасаган иш-чараларды баалашты. Мындан тышкары мекемелердин күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгына жана адам укуктарын коргоо жаатында байкоо жүргүзүлдү. Мунун натыйжасында мамлекеттик органдарга сунушталган отчёт даярдалган. Бул отчёт коомчулукка бүгүн, 28-октябрда тааныштырылат.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук уюму кыргыз бийлигин коронавирус күч алган кырдаалда абактардагы адамдарды гуманитардык негизде эркиндикке чыгарып, альтернативдүү жаза чегерүүгө үндөп келет.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу март айында пайда болгондон берки убакта өлкөдө бул оору жуккандардын саны 56 738 адамга жетти. Илдеттен көз жумгандардын саны - 1 136 адам.

27-октябрга карата Кыргызстанда вирус дагы 568 адамдан табылды. Алардын көбү Бишкек шаарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында. (ZKo)

XS
SM
MD
LG