Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Омскиде дарыгерлер нааразылык акциясын өткөрүштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Омск шаарында COVID-19 менен ооруган бейтаптар салынган «Тез жардам» машинелери Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык имаратынын алдында сиренасын кыйкыртып бир нече убакыт турушту. Дарыгерлер муну менен оор абалдагы бейтаптар үчүн ооруканада орун жоктугуна бийликтин көңүл бурууга аракеттеништи.

Автоунаалардын биринде эки өпкөсү 81% кагынган 70 жаштагы байбиче болгону кабарланды. «Тез жардам» машинеси аны салган бойдон шаардагы бейтапканалардан орун издеп, он сааттан ашык убакыт жүргөн. Ооруканаларда орун жоктугунан аялды эч ким кабыл алган эмес. Дагы бир автоунаада өпкөсү эки жагынан 88% кагынган 85 жаштагы абышка болгон, аны да бейтапканалар албай койгон.

«Мен бейтапты адамдык жактан да, медициналык жактан да үйүмө алып кете албайм», - деди дарыгерлердин бири журналисттерге. Анын айтымында оор абалдагы бейтаптар үчүн ооруканада орун жок учурлар күн сайын көбөйүүдө.

Акциянын натыйжасында бейтаптар шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылды.

Омск облусунда коронавирус менен ооруган адамдар жалпысынан 15 миң адамга жетти, алардын ичинен беш миңи октябрь айында ооруган. 402 адам илдеттен көз жумган.

Пандемия башталгандан бери 26 миңден ашуун орусиялык каза болду.
Орусияда акыркы айда коронавирус жуккандар эселеп көбөйүүдө. 27-октябрга карата өлкөдө бир суткада 16,5 миңден ашуун адам COVID-19 оорусуна чалдыккан.

XS
SM
MD
LG