Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстандык жаштар мобилдик кино фестивалда төрт байге утуп алышты


Фестивалдын байгеси - статуэтка.
Фестивалдын байгеси - статуэтка.

Эл аралык мобилдик кино фестивалдын уюштуруучулары маалымдагандай, кыргызстандык режиссёр Алия Макешованын «Өтмүш порталы» тасмасы «Мыкты даректүү тасма» номинациясы боюнча жеңүүчү болду. «Кеч калган» тасмасы «Мыкты актриса», «Мыкты актёр» жана «12 мүнөткө чейинки категориядагы мыкты тасма» номинацияларын утуп, 500 доллар байгеге ээ болду.

Уюкфондук кино фестивалына Болгария, Индия, Иран, Испания, Казакстан, Куба, Кыргызстан, Орусия, Польша, Франция жана Чили өлкөлөрүнөн 50 тасма катышкан.

«Mobile Blockbuster film festival» (MBff) — смартфонго тартылган кыска метраждуу тасмалардын фестивалы. Долбоор маданият, көркөм өнөр жана оюн-зоок мейкиндигинин чектерин кеңейтүүнү көздөйт. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары фестивалдын «YouTube» каналында 25-октябрда жарыяланды. (ZKo)


XS
SM
MD
LG