Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Казакстан ПЧР маалымдамасы жок чет өлкөлүктөрдү депортациялоодо


Алматы аба майданындагы карантиндик-санитардык текшерүү.
Алматы аба майданындагы карантиндик-санитардык текшерүү.

Казакстанда коронавирустун тездеп жайылышына бөгөт коюу чаралары катаалдашты.

Коронавирустун бар-жогун аныктоочу ПЧР тестинин мөөнөтү өтүп кеткен же экспресс-маалымдама менен гана өлкөгө келген 31 чет өлкөлүк жаран Казакстандан кайра артка чыгарылды. Алардын ичинде Орусия, Украина, Беларус, Түркия, Британия жана Германия өлкөлөрүнүн жарандары бар.

Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Садвакас Байгабулов 27-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирди. Анын сөзүнө караганда, Казакстандагы аба майдандарында экиден босого орнотулган.

«Жүргүнчүлөр дене табын өлчөгүч (тепловизор) менен текшерилет. Эгер дене табы жогору болсо, ал киши обочолонуп, андан ары ооруканага жиберилет. Санитардык-карантиндик түйүндөрдүн адистери ПЧР тесттин жыйынтыгы бар жана андай жыйынтыгы жок жүргүнчүлөрдү текшерет. Эгер чет өлкөлүк жаран тапшырган ПЧР тестинин жыйынтыгы эски датага таандык болсо, анда ал паспорт көзөмөлүнө өткөрүлбөй, обочолонтулат. Андан ары ал кайра депортацияланат», - деп түшүндүрдү Байгабулов.

Казакстандык жарандарга ПЧР маалымдамасы жок эле мекенине кирүүгө уруксат берилди. Мындай жарандардын колунда маалымдамасы бар болсо, бара турган жагына кете берет, эгерде жок болсо, анда атайын стационарга жеткирилип, ал жакта ПЧР анализ тапшырат жана жыйынтыгы чыкканча күтөт.

Карантиндик чектөөлөр кайра күчөтүлгөн 6-октябрдан бери Казакстанга сырттан 426 каттам менен 44 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Алардын ичинен 7540 казак жараны стационарга жаткырылган.

26-октябрдан тартып Казакстанда айрым коронавирус көп катталып жаткан өлкөлөр менен каттамдар азайды.

XS
SM
MD
LG