Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Карабактагы кандуу кармаш жай тургундардын өмүрүн алганы кабарланды


Аткылоодон кийинки көрүнүш. Шуша аймагы, Тоолуу Карабак. 28-октябрь, 2020-жыл.
Аткылоодон кийинки көрүнүш. Шуша аймагы, Тоолуу Карабак. 28-октябрь, 2020-жыл.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кандуу кагылыштар күч алып, буга тараптар бири-бирин айыптоодо. Эки тарап тең 28-октябрдагы атышуулардан жай тургундар каза болгонун маалымдашты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабактан тышкары жайгашкан Барда шаарын аткылоодон 21 жай тургун набыт болуп, 70и жаракат алганын маалымдады. Бир күн мурунку башка чабуулдан төрт жаран мүрт кеткени кабарланган.

Армян аскер күчтөрү Азербайжанды «Тоолуу Карабактагы эл жашаган аймактарын, анын ичинде Степанакерт шаарындагы ооруканага жана төрөт үйүнө чабуул койду» деп айыптады. Бирок эки тарап тең аткылоодон жай тургундар набыт болгону тууралуу бири-биринин маалыматын четке кагууда.

Эл аралык кызыл чырым коому шаарларды аткылоодон Азербайжандагы бир ыктыярчысы набыт болгонун, дагы экөө жаракат алганын маалымдады.

Тоолуу Карабактагы жаатташкан тараптар октябрь айынын ичинде эки жолу элдешүү келишимин түзүшкөн. Бирок анын шарттары сакталган эмес.

Азербайжан Армения Тоолуу Карабак менен анын жака-белиндеги жети райондон аскерлерин чыгарып кеткенден кийин гана атышууну токтоторун айткан. Ереван Бакунун мындай шартын четке каккан.

Баку менен Еревандын Карабак үчүн кармашы 27-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG