Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

АКШ Ирандын Йеменге жөнөткөн ракеталарын кармады


Араб деңизиндеги америкалык аскердик кеме.
Араб деңизиндеги америкалык аскердик кеме.

Кошмо Штаттар Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу Йеменге жөнөткөн ондогон аскердик ракеталарды Араб деңизинде колго түшүргөнүн билдирди. АКШнын Юстиция министрлиги 2019-жылдын ноябрынан 2020-жылдын февраль айына чейин жүргүзүлгөн эки операциянын жыйынтыгын 29-октябрда жарыялады.

Маалыматка ылайык, бул операциялардын жүрүшүндө АКШнын деңиз флоту Араб деңизинде байрагы жок эки кемени аныктаган.

«Алардын бортунда курал-жарактардын чоң запасы, алардын ичинде танкага каршы 171 ракета, абадан коргонуучу сегиз ракета жана бир топ ракеталык компоненттер болгон», - деп жазылган расмий маалыматта.

Ошондой эле АКШ бул куралдар Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун «Кудс» күчтөрүнө таандык болгонун, алар Йемендеги жоочулардын тобуна багытталганын белгиледи.

Вашингтон Иран Йемендин өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан хусит козголоңчуларын мыйзамсыз жол менен куралдандырып жатканын билдирип келет. Тегеран мындай айыптарды четке кагып жүрөт. Ирандын бийлиги АКШнын колго түшүрүлгөн курал-жарак жана ракеталар боюнча соңку билдирүүсүнө жооп бере элек.

Мындан тышкары Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги 29-октябрдагы билдирүүсүндө Иран Венесуэлага жиберген, быйыл конфискацияланган 1,1 миллион баррел мунай сатылганын да кабарлады.

XS
SM
MD
LG