Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Парламенттин экономикалык комитетинин отуруму өтүүдө


Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйыны. 2020-жылдын 11-ноябры.
Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйыны. 2020-жылдын 11-ноябры.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 11-ноябрда бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелерди карап жатат. Күн тартибине сегиз мыйзам долбоору коюлуп, анын экөө башка күнгө калтырылды.

Мыйзам долбоорлорунун ичинде инвестицияларды колдоо боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселелер бар.

Комитеттин жыйыны парламенттин имаратында өтүп жатат.

Бул имарат 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда талкаланган. Ошондон бери парламенттин жалпы жыйындары, комитеттердин жана фракциялардын отурумдары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан.

Ал эми имараттын талкаланган бөлүгүн калыбына келтирүүнүн чыгымдарын Жогорку Кеңештин депутаттары өз мойнуна алганы мурда кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG