Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:31

Мурдагы министр, профессор Каныбек Исаков кайтыш болду


Маркум Каныбек Исаков.
Маркум Каныбек Исаков.

Кыргызстанда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Анын шакирттери да маалыматты ырасташты.

Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Ал 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

Каныбек Исаков 1993-1997-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы «Нур» гезитинин башкы редактору болгон.

1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган.

2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.

Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалаларды жазган.

XS
SM
MD
LG