Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Батукаевдин иши боюнча айыпталуучу тараптын доо арызы Жогорку сотто каралат


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, кримтөбөл Азиз Батукаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева. Коллаж.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, кримтөбөл Азиз Батукаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева. Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш бүгүн, 16-ноябрда Жогорку сотто каралат. Бул тууралуу «Азаттыкка» иш боюнча башкы айыпталуучу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын айтымында, алар Жогорку соттон райондук жана шаардык соттун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберүүнү суранган.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылган, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Бишкек шаардык соту 17-августта ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Башкы прокуратура чечимге каршы Жогорку сотко даттанган. Жогорку сот алгачкы олтурумду 21-октябрга белгилеп, ал күнү болбой калган. Натыйжада соттук кароо 16-ноябрга жылган эле.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыккан, саналуу өмүрү калган» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарын шаарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөл азыр Орусияда экени айтылып жүрөт.

Бул боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган. Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салды. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августундагы Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя боюнча да айыпталып, кармалган. Бул иш боюнча сот уланып жатат. Атамбаев учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №47 абакта отурат. (ErN)

XS
SM
MD
LG