Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Бишкек прокуратурасы онлайн сабакка катышпай жүргөн окуучуларды аныктоону тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык прокуратурасы онлайн сабакка катышпай жүргөн окуучуларды аныктоо максатында Биринчи май райондук прокуратурасы акимчилик, милиция жана билим берүү борбору менен бирге текшерүү жүргүзөрү тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме 16-ноябрда тараткан маалыматка караганда, тийиштүү органдар жана окуу жайлары сабакка катышпаган өспүрүмдөрдү окууга тартуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.

«Биринчи май райондук прокуратурасынын демилгеси окуу процессине катышпай жүргөн окуучуларды аныктоого жана алардын ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, өспүрүмдөр арасында тартип бузуунун жана кароосуз калуунун алдын алууга гана багытталган», деп айтылат маалыматта.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда быйыл март айында мектептер убактылуу жабылган, алардын көбү азыркыга чейин толук ачыла элек. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1489 мектепте 1-6, 9, 11-класстардын окуучулары кадимки тартипте окуй баштай турганын маалымдаган. Бул тизмеге эпидемиологиялык абалга байланыштуу Бишкектин жана Оштун мектептери кирген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG