Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Ташкент менен Алматы дүйнөдөгү эң арзан беш шаардын катарына кирди


Өзбекстандын борбору Ташкент шаары.
Өзбекстандын борбору Ташкент шаары.

Британиядагы «Economist» басылмасы дүйнөдөгү эң кымбат жана эң арзан шаарлардын кезектеги рейтингин жарыялады. Ага ылайык, жашоо-тиричилик кымбат деген шаарлардын сап башына Париж, Гонконг, Цюрих, Сингапур жана Осака чыкты. Акыркы жылдары бул тизмени Азия мамлекеттериндеги шаарлар, тактап айтканда Сингапур менен Осака баштап келген.

Эң арзан деген шаарлар деп Дамаск, Ташкент, Лусака, Каракас жана Алматы таанылды.

Бул ирет басылма дүйнөнүн 130 шаарындагы негизги деген 140тай азык-түлүк, буюм-тайым жана кызмат көрсөтүүнүн баасын-наркын салыштырган.

Соңку иликтөө, Америкада, Африкада жана Чыгыш Европада жашоо кыйла арзандап, ал эми Батыш Европада тескерисинче баалар көтөрүлүп жатканын көрсөттү.

Бул рейтингде Тегеран дароо 27% жогорулап, эң чоң секирик жасады. Буга ириде Иранга салынган экономикалык санкциялар, мындан улам товар алып келүүдө түйшүктүн көбөйгөнү себеп болду.

«Economist» басылмасы мындай рейтингди соңку 30 жылдан бери үзгүлтүксүз жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG