Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

Депутат Бокоев: Конституциялык кеңешмеге каршы тараптан да кошуу зарыл


Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Кенжебек Бокоев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы болуп жаткандардан да каалоочулар болсо, кеңешменин мүчөлүгүнө дагы 15тей кишини киргизүү зарыл. «Республика - Ата Журт» партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Кенжебек Бокоев 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында ушундай сунуш киргизди:

«Бекбосун мырза, мыкты юристтер бар, кечээ өзгөртүүгө каршы жүрүшкө чыккандардын арасынан кошумча мүчөлөрдү киргизүү тууралуу президенттин милдетин аткаруучуга сунуш киргизсеңиз, бул чоң кадам болот. Мындан тышкары, азыр коомдо эң чоң маселе көтөрүлүп, «президент ажыдаар болуп кетет, ал эртең баарын тебелейт» деп жатышат. Андай болбошу үчүн биз бийликтин тең салмактуулугун карашыбыз керек. Эгер президенттик башкарууга өтсөк, Баш мыйзамда Жогорку сотту дайындоону, БШКны тандоону, Эсеп палатасын 100% парламентке бериш керек. Башкы прокурорду дайындоону президенттин сунушу эмес, парламентке берели. Буларды парламентке берсек, президент эч качан ажыдаар болбойт».

Бокоев мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны башчылары - мэрлер жана айыл өкмөттөр түз шайланууга тийиш деген пикирде.

20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Кеңешменин курамы «күн карама эксперттер» деген сынга кабылып, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тараптан эч ким кошулбаганы айтылууда.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды.

Кийин айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн айтып чыгышты.

Долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонууда.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Кыргызстан супер президенттик башкаруу формасына кайтып баратат» деген сын арбын болуп, 22-ноябрда жарандык активисттер Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы жүрүшкө чыгышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG