Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Чүй милициясы асылып турган маркумдун тек-жайын аныктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак (Теплые ключи) аймагында сөөгү табылган жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө.

22-ноябрда Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак аймагынын тургундары белгисиз адамдын асылып турган сөөгүн көрүп, милицияга кабар беришкен. Маркумдун оозу, буттары жана колдору скотч жана жип менен байланган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул факты бирдиктүү реестрге катталып, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG