Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Зере кыздардын укуктарына арналган жаңы ырын ырдап чыкты


Зере Асылбек кызы.
Зере Асылбек кызы.

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызынын «Апам айткан» аттуу ыры коомчулуктагы кыздарды тыюу маселесин чагылдырат. Анда ырчы кыздарга бала кезинен тартып «сен кыз баласың, абайла» деген мааниде салынып келген тыюулар жөнүндө ырдаган.

Зеренин адам укуктарын урматтоого чакырган «Кыз» аттуу клиби былтыр күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушкан. Зере андан кийин да кыздардын укуктарына арналган бир нече ыр жаратып, былтыр 29-декабрда «Асанбай борборунда» концерт берген.

Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган.

Кыргызстанда 25-ноябрдан тартып «Зомбулуксуз жашоо» деп аталган 16 күндүк акция башталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG