Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Баткенде ишкерлерди опузалап акча талап кылып жүргөндөр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районунун 30 жаштагы тургуну бейтааныш үч адам «сен Өзбекстанга жүк өткөрөт экенсин, бизге акча бересиң» деп бир канча жолу акча талап кылышканын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 203-беренеси («Опузалап акча талап кылуу») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында райондун Жаңы-Жер айылында арыздануучудан 2 095 000 (эки миллион токсон беш миң) өзбек сумун опузалап алып жаткан жеринен Кадамжай районунун Жошук айылынын үч тургуну: 40 жаштагы О. А., 33 жаштагы З. М. жана 35 жаштагы Б. А. аттуу жарандар кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган үч жаран мурда оор беренелер менен соттолгондугу жана башка адамдардан да опузалап акча талап кылып жүрүшкөнү аныкталды.

Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG