Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Кой-Таш окуясы боюнча сот Албек Ибраимовдун жоктугуна байланыштуу болбой калды


6-октябрдагы тополоңдо абактан бошотулган экс-премьер-министр Сапар Исаков (солдо) менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов (оңдо) өлкөдөн чыгып кетишкен. Учурда алардын жүргөн жери дайынсыз.
6-октябрдагы тополоңдо абактан бошотулган экс-премьер-министр Сапар Исаков (солдо) менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов (оңдо) өлкөдөн чыгып кетишкен. Учурда алардын жүргөн жери дайынсыз.

Кой-Таш окуясы боюнча сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч иш кошулганына байланыштуу, 27-ноябрга белгиленген сот жараяны болгон жок. Буга «Кой-Таштагы жер тилкеси» боюнча иште айыпталып жаткан экс-мэр Албек Ибраимовдун өлкөдө жоктугу себеп болду. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, адвокаттар соттон бириктирилген иштерди өз алдынча бөлүп кароону өтүнүшмөкчү.

«Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан Кой-Таш окуясы тууралуу иштен тышкары «кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» жана «Кой-Таштагы жер тилкеси» деген айыптарга байланыштуу эки ишти бириктирип, үчөөнү чогуу кароо тууралуу чечим чыккан. Бүгүнкү жараян Албек Ибраимовдун жоктугунан улам уланган жок. Минте берсе, соттук процесстер создуга берет, ошондуктан биз иштерди бөлүп кароону соттон өтүнөлү деп атабыз», - деди адвокат.

Жоошевдин айтымында 27-ноябрдагы сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да жеткирилди.

Үчүнчү иш Атамбаевге жана мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы козголгон. Ал «Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция», ««Терек» сурма кениндеги коррупция», «Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээ болуу» деген үч эпизоддон турат.

Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Албек Ибраимов 6-октябрга караган түнү тарапкерлери тарабынан бошотулган. ЖАМК абактан чыккан саясатчыга 12-октябрга чейин өргүү берилгенин маалымдап, ал бүткөн соң өз эрки менен абакка келбесе чара көрүлөрүн эскерткен. Кийинчерээк Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кеткени маалым болгон.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн он чактысы суралып бүттү. Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG