Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылды


Ош облусундагы коомдук транспорт.
Ош облусундагы коомдук транспорт.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб Алай районунда 60 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы ачылып, колдонууга берилгенин кабарлады. Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары иштеп келген.

Пандемия убагында зарылчылыктан улам аны кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп-түзөө, жабдуу жумуштары толугу менен жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды. Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.

30-ноябрга карата COVID-19 вирусу Кыргызстан боюнча 380 кишиде жаңы табылды. Алардын басымдуу бөлүгү - 137си баш калаа Бишкек шаарынын тургундары. Чүй облусунда 79 кишиден вирус чыкты. Оорудан бир күндө беш киши каза болуп, жалпы курмандыктардын саны 1271 киши болду.

Кыргызстанда COVID-19 алгачкы учуру катталган күндөн тартып ооругандардын саны үч бейтаптан (18-март) 72 807 учурга (30-ноябрь) чейин көбөйдү. Лаборатордук жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлар боюнча статистика бириктирилгенден бери 17-июлдан тартып ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр: 17-июль – 1654 учур, 18-июль – 1264 учур.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» баракчасына оору күчөп кетсе катуу ооругандарды кароодо ооруканаларга күч келерин эскертип, «жогорку окуу жайлары жаңы жылдан кийин ачылышы ыктымал, бала бакчаларды ачуу маселеси каралып жатат» деп жазды. (BCh)

XS
SM
MD
LG