Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Венгрия менен Украинанын ортосунда дипломатиялык чыр чыкты


Будапешт Киевди 150 миңдей венгр улутундагы украин жарандарынын улуттук тил жана билим берүү жаатындагы укугун чектейт деп айыптап келет.

Украинада коопсуздук кызматы венгр улутундагы украин жарандарына таандык уюмдун кеңсесин тинткени үчүн Венгриянын бийлиги Будапешттеги украин элчисин чакырып алып, түшүндүрмө талап кылды.

Закарпатье облусундагы Венгр маданий ассоциациясы алардын башчысынын үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөнүн кабарлады.

Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто бул маселени НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында көтөрө турганын эскертти. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Түндүк Атлантикалык Альянстын бир бөлүгү болгусу келген өлкөнүн НАТОдогу мамлекеттердин бирине караштуу болгон улуттук азчылыкка басым жасаганы туура эмес», деп билдирүү таратты.

Украинанын коопсуздук кызматы тинтүү болгонун бышыктады жана ал кайсы бир чет өлкөлүк фонд өлкөнүн эгемендигине каршы иш-аракет жүргүзүп жатканы тууралуу маалыматты текшериш үчүн жүргүзүлгөнүн билдирди.

Кийинки жылдары бул эки өлкөнүн мамилеси чыңала баштады. Будапешт Киевди 150 миңдей венгр улутундагы украин жарандарынын улуттук тил жана билим берүү жаатындагы укуктарын чектөөдө деп айыптап келет. Украина болсо мындай дооматты четке кагууда.

Украина 2017-жылы мектептерде улуттук азчылыктардын эне тилинин колдонулушун чектеген мыйзам кабыл алган.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG