Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Референдум тууралуу мыйзам долбоору жалпы сессиянын күн тартибине киргизилди


Кыргызстандын Конституциясы.

Кыргызстандагы башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору чукул түрдө парламенттин бүгүнкү сессиясынын күн тартибине биринчи окууга киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Акылбек Жапаров «Азаттыкка» ырастап, корутундуга Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетине мүчө 17 депутаттын тогузу кол коюп бергенин маалымдады:

«Бүгүнкү күн тартибине киргизилди. Эгер депутаттар колдосо, эмки жумада экинчи жана үчүнчү окууга алып чыгабыз. Мыйзам долбоору 1-апрелден бери коомдук талкууда турат. Бийлик кандай болушу керек экенин эл чечсин. Президенттик десе, президенттик кылалы. Парламенттик десе, парламенттик кылалы. Чече турган орган керек болуп калды да».

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда регламент сакталбаганы боюнча дооматтарга «комитеттин корутундусу чыккандыктан, жалпы жыйынга сунуш кылынган» деп жооп берди.

«Комитетте булар «кворум чогулта албай атабыз, сурамжылоо жолу менен бүтүрөбүз» дешкен. Ошол жол менен бүтүрүштү».

Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун сессияга алып чыгууда мындай тажрыйба бар экенин айтты. Мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушевге таандык экенин, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага өзү автор катары алып чыкканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоору регламентти бузуу менен жалпы сессиянын кароосуна чыгарылганын билдирип жатышат.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон, президенттик шайлоодо ат салышарын билдирген Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деп жооп кайтарган.

Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн. (NT/KJ)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG