Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Сот Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 4-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин карайт.

Бул тууралуу шектүү тараптын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, жараянда адвокаттар айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч келтиришет. Жараян саат 15:00гө белгиленген.

Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязов быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында жапырт мушташ уюштурган деп шек саналууда.

Жактоочу тарап аларга коюлган айып негизсиз экенин, экөө тең мушташты уюштурбаганын, тополоңго катышпаганын айтып жатышат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, Фарид Ниязов, мурдагы жан сакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Асановду үй камагына чыгарган.

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган Фарид Ниязовду Биринчи май райондук соту 12-октябрда камакка алган. Анын бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту 29-октябрда карап, 10-декабрга чейин камакта калтырган.

Фарид Ниязов буга чейин 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. Аны 6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда тарапташтары башка саясатчылардын катарында бошотуп алышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да айыпталган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон.

12-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Канат Сагымбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген. (NT)

XS
SM
MD
LG