Грузияда Борбордук шайлоо комиссия парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы парламенттеги 150 орундун 90нун алды. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тарткан.
Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өткөн. Бийликтин оппоненттери шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып нааразылык акцияларын өткөргөн. Калган 60 мандат оппозициячыл маанайдагы сегиз партияга тийди, бирок алар мандаттан баш тартып, мыйзам чыгаруу органынын жаңы курамына кирбей турганын айтып жатышат.
БШКдагы оппозициялык партиянын өкүлдөрү добуш берүү бурмаланганын билдирип, каршылык иретинде бейшембидеги жыйында чыгып кетишти. Боршайокомдун башчысы Тамар Жвания оппозиция өкүлдөрү 2016-жылы да добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу соңку протоколго кол койбой койгонун, бирок ал парламенттин ишин үзгүлтүккө учуратпаганын белгиледи.
Өлкөнүн оппозициялык күчтөрү Жваниянын кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жатышат. Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү АКШ менен Европа Биримдигинин ортомчулугу менен өтүүдө.