Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 19:35

Мамытов: элди ынтымакка чакырууда телерадиоберүү кызматкерлеринин эмгеги зор


Талант Мамытов, парламенттин төрагасы, президенттин милдетин аткаруучу.

Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 7-декабрь телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан куттуктоодо Мамытов телерадиоберүү кызматкерлери өлкө турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруу милдетин татыктуу аркалап келе жатышканын кошумчалаган.

«Өлкөбүз бүгүнкүдөй оор кырдаалды баштан кечирип турган чакта элди ынтымакка, биримдикке үндөп, ынанымдуу маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө сиздердин эмгегиңиздер зор», деп айтылат куттуктоодо.

7-декабрда Кыргызстандын телерадиоберүү тармагынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет.

Мындан 62 жыл мурда дал ушул күнү кыргыз тилиндеги алгачкы телекөрсөтүү обого чыккан.

Ал эми Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы эле иштей баштаган. 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар cоветинин алдында радиокомитет уюштурулуп, кыргыз телерадиосу түптөлгөн. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG