Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

COVID-19дан каза болгон 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөндү


Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.
Бишкек, 16-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин 608ине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу 8-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Анын сөзүнө караганда, андан тышкары COVID-19 вирусун жумуштан жугузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин арасынан 30нун үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кенемте төлөндү.

«Учурда дагы 148 саламаттык сактоо кызматкерине жана каза болгон эки медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөш үчүн документтер даярдалууда», - деди Акматова.

8-декабрга карата дагы алты медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алар - Бишкек шаары менен Чүй облусунда экиден жана Жалал-Абад менен Ош облусунда бирден дарыгер.

Бир суткада стационардан төрт, үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылды. Кыргызстанда COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 986 учур катталды, алардын ичинен 3695 медкызматкер сакайды.

Өлкөдө вирус жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти. Анын ичинен 1 301 киши каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG