Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

Аскеров: Кыргызстанда коронавирустан 28 кош бойлуу аял көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын март айынан бери өлкөдө эки миңге жакын кош бойлуу аялга коронавирус инфекциясы жугуп, анын 28и көз жумду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын акушер-гинекологдор бирикмесинин төрагасы, профессор Арсен Аскеров билдирди:

«800дөн ашуун аял стационарда дарыланды. Дагы ушунча аял амбулатордук негизде үйүнөн дарыланды. Кош бойлуу кезде вирус жугузуу өтө опурталдуу болуп жатат. Боюнда бар аялдарга антикоагулянттык жана антибиотик менен дарыланууну ишке ашыруудабыз».

Кыргызстанда вирус жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти. Анын ичинен 1 301 киши каза болду. Оорудан 67 873 киши айыкты.

Вирусологдордун пикиринде, боюнда бар кезде аялга коронавирус жукса организмине эки эсе күч келет. Бөйрөк, боор, кан тамыр, жүрөк, дем алуу органдары өзгөчө катуу басым алдында иштейт. (BCh)

XS
SM
MD
LG