Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова сентябрь айында жетиден 17 жашка чейинки жаштагы 48 баладан коронавирус табылганын айтты.
Бул сан октябрь айында 315ке жетип, 6,5 эсе көбөйгөн. Ал эми 1-декабрга карата 320 баладан вирус чыкты.
«Мектепке баруу менен байланышкан бир да учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон», - деди Акматова.
Ошондой эле оору эң көп 65 жаштан жогору адамдар арасында да катталууда, башкача айтканда 100 миң калкка 1 560 учур туура келет.
COVID-19 илдетине байланыштуу Кыргызстанда мектептер, жогорку, орто окуу жайлары менен бала бакчалар 2020-жылдын 20-мартынан тартып аралыктан иштөөгө өткөн. Абал турукташкан айрым аймактарда кээ бир класстын окуучулары кадимки режимде окуй баштады.
Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти. Анын ичинен 1 301 киши каза болду. Оорудан 67 873 киши айыкты. (BTo)