Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты, президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирген Равшан Жээнбеков «Азаттыктын» 2х1 форматындагы маегинде айтты.
Ал өлкөнүн жаңы Конституциясын келечекти көрө билген саясатчылар, илимпоздор жазып, ал Баш мыйзам узак мөөнөткө иштеши керек экенин айтты.
«Кыргызстанда Конституциялык кеңешме туура эмес түзүлдү. Себеби, кеңешме жамынып, бекинип алып түзүлбөйт. Ал ачык-айкын, мамлекеттеги бардык саясий күчтөрдүн катышуусу менен куралат. Кеңешме бардык катмардын өкүлдөрүнүн – саясатчылардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда түзүлүш керек болчу», - деди Жээнбеков.
Быйыл 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.
Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлүп, ишин баштаган. Ага 100гө жакын адам кирип, үч топко бөлүнүп иштеп жатат.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат. Ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өтүшү мүмкүн. Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент өткөн аптада талкуулап, депутаттар жетиштүү болбогон үчүн добушка коюлган эмес. (BTo)