Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Темирлан Ормуков президенттик жарыштан чыкты


Темирлан Ормуков.
Темирлан Ормуков.

Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөткөн Темирлан Ормуков шайлоого катышуудан баш тартып, жарыштан чыкты. Ормуков талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырган документтерин кайтарып аларын билдирип, бүгүн, 9-декабрда БШКга кайрылган.

Темирлан Ормуков 4-декабрга карата 30 миң шайлоочунун кол тамгасын тапшыруу жана 5 млн. сом шайлоо күрөөсүн чогултуу боюнча талапкерлерге коюлган шарттарды аткарганы тууралуу маалымат жок.

БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болуш үчүн арыз тапшыргандардан шайлоочулардын колу коюлган баракчаларды кабыл алууну токтоткон. БШКга баш-аягы 21 жаран чогултулган кол тамгаларды берген. Анын ичинен 20 кишинин алды 60 миңге жакын, арты 30 миңден ашык кишинин кол тамгасын топтоду жана 1 миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төктү. Бир адам жетиштүү кол чогулта алган жок.

БШК булардын ичинен Кубан Чороевдин чогулткан кол тамгаларын текшерүүдө маселе чыкканын маалымдаган. Ага ылайык, талапкер кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Ага байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт.
Чороев БШКнын аракетинин артында саясий кызыкчылыктар турат деген пикирин билдирген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Үгүт өнөктүгү 15-декабрдан 9-январга чейин болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG