Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоону жандантуу макулдашылды


Протоколго кол коюу учуру.
Протоколго кол коюу учуру.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт өкүлдөрүнүн 15-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйынында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо маселесин жандантуу макулдашылды. Тараптар бул маселе коронавирус пандемиясынан улам кечеңдеп жатканын белгилеп, топографиялык иштерди улантуу, чек арада жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бир пикирге келишти. Бул макулдашуулар тараптар кол койгон протоколдо камтылды.

Кийинки өкмөттүк отурум Өзбекстанда өтмөй болду. Бул тууралуу өкмөт маалымат таратты.

Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын 15-декабрдагы биргелешкен жыйынына кыргыз тараптан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Өзбекстандын премьер-министринин кеңешчиси (өкмөт башчынын орун басары рангында) Мехриддин Хайриддинов катышты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган.

Бир ай мурун Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын курамына өткөрүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG