Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:48

Өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы туруктуу


ӨКМ тараткан сүрөт. 19-декабрь, 2020-жыл. Бишкек.

Бишкек шаарында 19-декабрда чыккан өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Маалыматка караганда, денесинен күйүк алган үч жаран Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.

Бүгүн эртең менен саат 10 жарым чамасында башкалаадагы Саякбай Каралаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта өрт чыгып, 57 жаштагы жаран каза болгон.

Милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт имараттагы курал-жарак саткан дүкөндөн чыккан. Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон киши өрт чыккан дүкөндүн кызматкери. Ушул эле имараттын бир тарабында күнүмдүк керектелүүчү техникаларды оңдогон сервистик борбор да орун алган.

Тилсиз жоонун себеби иликтенип жатат, өрт толук өчүрүлгөн.

Окуя тууралуу тартылган видеону күбөлөр Интернетке жарыялашты. Андан имаратта капысынан катуу жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Өрттөн жабыр тартып бейтапканада жаткандар курал-жарак саткан дүкөндүн, сервистик борбордун кызматкерлериби же кардарларбы, азырынча белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG