Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Кабулдагы жарылуудан кеминде тогуз киши набыт болду


Ооганстан, Кабул. 20-декабрь, 2020-жыл.

Ооганстандын борбору Кабулдагы жарылуудан кеминде тогуз киши набыт болду.

Өлкө бийлигинин маалыматына караганда, жекшембиде, 20-декабрда, парламент депутаты Хан Мухаммад Вардакка кол салуу болгон.

Депутаттын автоунаасы камтылган колонна Кабулдун Хушал Хан районунан өтүп баратканда автоунаа жардырылып, андан жол боюндагы машинелер, имарат жана дүкөндөр да катуу зыян тарткан.

Жарылуудан 20дай киши, анын ичинде депутат жаракат алган.

Ооганстандын ички иштер министри Масуд Андараби депутаттын абалы түзүк экенин журналисттерге билдирди. Бирок курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал экенин, каза болгондордун баары жөн-жай тургундар экенин айтты.

Ооган бийлиги жардырууну айыптады. Ал үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG