Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Кочкор районунда төрт киши иске ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши каза болду. Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Жалпысынан беш киши ууланып, анын кесепетинен жаш келин үч кызы менен кошо көз жумган. Ал эми беш жаштагы бала ооруканага жаткырылган. Аман калган беш жаштагы баланын абалы жакшы.

Баштапкы маалыматтар боюнча алар көмүрдөн чыккан иске ууланышкан.

Нарын облустук милициясы бул маалыматты ырастап, райондук бөлүмгө маркум келиндин агасы кайрылганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, маркумдарды текшергенде күч колдонулганы аныкталган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалдып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Каза болгон келин 1982-жылы туулган, калгандары 11, тогуз жана жети жаштаган кыздар экени аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, маркум балдарын жалгыз өзү бакчу. Ал балдары менен Теңдик айылында жашаган. (BsB)

XS
SM
MD
LG