Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Талант Мамытов Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык интернатынан кабар алды


Балдардын психоневрологиялык интернаты. Жалал-Абад облусу.
Балдардын психоневрологиялык интернаты. Жалал-Абад облусу.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын психоневрологиялык интернатына барды. Мамытов интернаттын жаңы имараты менен таанышып, балдардын саламаттыгына, аларга түзүлгөн шарттарга кызыкты. Аягында интернатка президенттик фонддон 100 миң сом тапшырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Интернаттын директору Дамира Алимжанова маалымдагандай мекеменин имараты 1036-жылы карыялар үйү болуп ачылган. 1970-жылдан бери балдардын психоневрологиялык интернатына айланып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кабыл алып келет. Учурда интернатта Кыргызстандын түрдүү аймактарынан келген 87 бала бар.

2019-жылы күзүндө кыргыз өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы келишимге ылайык, бардык шарттары бар жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG