Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Ош шаардык спорт комитетин спортчу Бекдөөлөт Абакиров убактылуу жетектейт


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын мэриясы 23-декабрда шаардык спорт комитеттин башчысы Кылычбек Саркарбаевди жумуштан алып, анын ордуна Бекдөөлөт Абакировду дайындады.

Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери шаардагы «Жапалак» муниципалдык автоунаа базарынын жетекчиси болуп иштеп келген.

Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыкка» бул маалыматты тастыктады:

«Бекдөөлөт спорт комитетке убактылуу гана жетекчи болуп келди. Өзү спортчу болгон үчүн тармакты түшүнөт. Спорт комитеттин жетекчилигине жакын арада атайын сынак жарыяланат. Бекдөөлөт Абакировго сынак жарыяланганга чейин убактылуу милдетин аткаруучу деп буйрук чыкты».

29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров - күрөш боюнча спорт чебери, бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Буга чейин спорт комитеттин жетекчиси катары иштеп келген Кылычбек Саркарбаевди аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен УКМК 17-декабрь күнү кармаган. УКМК анын уюшкан кылмыш тобу менен да байланышы бар экенин билдирген.

Кийин соттун чечими менен эки айга камакка алынганы кабарланган. (MaR)

XS
SM
MD
LG