Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Орусияда жашап жаткан Эдвард Сноуден уулдуу болду


Эдвард Сноуден. 2016-жылдын 14-ноябры.
Эдвард Сноуден. 2016-жылдын 14-ноябры.

Учурда Орусияда жашап жаткан, АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин ымыркай уулу менен түшкөн сүрөтүн анын жубайы Линдси Миллс 26-декабрда Интернетке жарыялады.

Сноудендин орусиялык адвокаты Анатолий Кучерена жубайлар уулдуу болушканын журналисттерге ырастады. Анын айтуусунда, "ымыркайдын жана энесинин абалы мыкты".

Декабрдын башында адвокат Эдвард Сноуден (Edward Joseph Snowden) АКШ паспортун да сактап калып, убактылуу орус паспортун алууну чечкенин маалымдаган.
Сноуден өзү “Твиттерге” жубайы Линдси Миллс экөө америкалык катары кала берерин жана баласын америкалык баалуулуктар боюнча тарбияларын жазган.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын июнунун башында Guardian жана Washington Post басылмаларына АКШнын мекемесинин эл аралык чөйрөдөгү тыңшоолору тууралуу жашыруун маалыматтарды жиберген.

АКШ менен Улуу Британиянын купуя маалыматтары Интернетке жарыяланып кеткен соң, ал оболу АКШдан Гонконгго качып өтүп, андан соң Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан. 2020-жылдын октябрынан тартып ал Орусияда чексиз мөөнөттө жашай берүүгө мүмкүн кылган визага ээ.

Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин президент Дональд Трамп Сноуденге ырайым бериши мүмкүн экенин ишарат кылган. Ошондой эле Сноуден Франциядан башпаанек сураган.

Сноудендин жашыруун делген малыматтарды ачыкташы менен дүйнө жүзүндө жекече купуя сырды сактоо менен мамлекеттик коопсуздукту сактоонун ортосундагы тең салмактуулук жана канчалык деңгээлде мамлекет өз жарандарын тымызын көзөмөлгө алышы керектиги тууралуу кызуу талаш-тартыш жүрүп келет.

Сноуденди колдогондор аны айкындуулук үчүн күрөшкер деп санашып, ал түгүл Махатма Гандиге теңегенге чейин барышса, жектегендер болсо аны "чыккынчы" деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG