Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Бишкекте «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү» өттү (видео)


"Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү". Бишкек. Декабрь, 2020-жыл.
"Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү". Бишкек. Декабрь, 2020-жыл.

Жарандык активисттер жекшемби сайын өткөрүп келе жаткан «Мыйзамдуулук үчүн тынчтык жүрүшү» бүгүн, 27-декабрда да уланды. Жүрүш мурдагыдай эле темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагында митинг менен аяктады.

Сегиз жумадан бери жекшемби сайын уланып жаткан жүрүш “Бийликти узурпациялоого жана мыйзамсыздыкка каршыбыз!” деген ураан менен өтүп жатат.

Иш-чаранын демилгечиси – “Баштан башта” коомдук уюму.


4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү шайлоо менен чогуу референдум болот. Анда кыргызстандык жарандар мамлекеттик башкаруу формасын да тандашат.

Анда жарандардын тандоосуна башкаруунун:

— президенттик;

— парламенттик;

— бардык варианттарга каршы түрлөрү коюлат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган.

Долбоор парламенттин кароосуна 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан өткөн.

Парламенттеги айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындашкан.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG