Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Өзбекстанда «Ал-Бухари» спутник каналы ишке кириши мүмкүн


Бухара шаарынын тарыхый борбору.

Өзбекстандын вице-премьери Азиз Абдухакимов эл аралык «Ал-Бухари» спутник (жасалма жандоочу) аркылуу таркалчу телеканалын ачып, ал аркылуу Борбордук Азиядагы бул ири өлкөнүн туристтик жайларын дүйнөдөгү мусулмандар көп жашаган мамлекеттерде даңазалоо өнөктүгүн жүргүзүүнү сунуш кылды.

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, вице-премьер Абдухакимов мындай сунушун 23-декабрда Өзбекстандын эл аралык Ислам академиясынын зыярат кылчу жайларга туристтерди тартууну талкуулаган жыйынына катышканда айткан.

Бул жыйында "Адал Саякат Чектери - 2020" («Halal Travel Frontier 2020») деп аталган баяндамада Өзбекстан ислам динин тутунган өлкөлөрдөгү туризм боюнча жаңы көрсөткүчкө ээ болгону белгиленген. Вице-премьер Абдухакимов билдиргендей, «2018-2019-жылдары визалык режим жеңилдетилген соң, Индонезиядан келген туристтердин саны 170%, Малайзиядан келгендер 158%, Түркиядан келгендер 154%, Бириккен Араб Эмираттарынан келген туристтердин саны 153% өскөн».

Дүйнөдөгү мусулмандардын саякаттоо көрсөткүчүнө ылайык, Өзбекстан 32-орундан жогорулап, 22-сапка чыгып, ал эми Ислам кызматташтыгы уюмуна кирген өлкөлөр арасында «коопсуздук жагынан алганда» туристтерди эң көп кызыктырган 10 өлкөнүн катарына кирген.

Ал эми өлкөдөгү Бухара, Самарканд, Кокон, Хива жана башка көптөгөн шаарлардагы тарыхый жайлар жалпы эле дүйнө жүзүнүн ар башка диндердеги туристтерин өзүнө тартып келет.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG