Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:55

Монтенегро парламенти дин мыйзамына талаштуу өзгөртүүлөрдү колдоду


Дин эркиндиги тууралуу мыйзамга кошумчаларга каршы акция. Монтенегро, 28-декабрь, 2020-жыл.
Дин эркиндиги тууралуу мыйзамга кошумчаларга каршы акция. Монтенегро, 28-декабрь, 2020-жыл.

29-декабрда Балкан жарым аралындагы Монтенегро (Черногория) жумуриятынын парламенти дин эркиндиги боюнча мыйзамга киргизилген карама-каршылыктуу өзгөртүүлөрдү жактырды. Оппозиция добуш берүүгө бойкот жарыялады.

Мурунку күнү баш калаа Подгорицада парламент имаратынын алдына бир нече миң киши чогулуп, сунушталган түзөтүүлөргө нааразылыгын билдирди. Президент Мило Дуканович жети күндүн ичинде өзгөртүүлөргө кол коюп же артка кайтарышы керек.

Бир жыл мурун кабыл алынган мыйзамда диний жамааттар 1918-жылга чейинки мүлккө ээлигин тастыктоого тийиш экени айтылган. Ал жылы Монтенгронун негизинен православ христиандары сербдерден, хорваттардан жана словендерден турган падышалыкка, чиркөөсү серб православ чиркөөсүнө кошулганда бүт мүлкүнөн кол жууп калган.

Серб православ чиркөөсү жана анын тарапташтары эми Монтенегро өкмөтү ошол мүлктү кайтарып алышы мүмкүн деп чочулашат. Расмий адамдар муну четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG