Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

ДССУ «Pfizer-BioNTech» вакцинасын колдонууга уруксат берди


«Pfizer-BioNTech» вакцинасы эмдөө үчүн даярдалууда. Вентспилс, Латвия. 2020-жылдын 28-декабры.
«Pfizer-BioNTech» вакцинасы эмдөө үчүн даярдалууда. Вентспилс, Латвия. 2020-жылдын 28-декабры.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) «Pfizer-BioNTech» вакцинасын чукул кырдаалда колдонууга уруксат берди жана бул дары талап кылынган шарттарга жооп берет, коопсуз жана натыйжалуу экенин билдирди.

Уюмдун мындай уруксаты коронавируска каршы чыккан вакциналардын ичинен алгач дал ушул «Pfizer-BioNTech» вакцинасына берилүүдө. Эми, ДССУнун интернет-барагында жазылгандай, ар кандай өлкө өзүнүн ички мамлекеттик талаптарына ылайык бул вакцинаны жактыруу жана чет жактан ташып келүү иш-аракетин тездете алат. Бул чечим эми ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдарга дал ушул вакцинаны дүйнөнүн ар кыл аймактарында таркатууга мүмкүндүк берет.

Дүйнө жүзү боюнча пандемия башталгандан бери коронавирус жуккан адамдардын саны 83 миллион кишиден ашты, 1,8 миллион киши көз жумду. Иш жүзүндө коронавирус жуккандар алда канча көп, өлүм-житим да алда канча арбын болду деп жоромолдор бар.

Түркмөнстанда, маселен, коронавирус илдети өлкөдө жок деп расмий айтылган менен, дал ушул оорунун белгисинин айынан каза болгондор бар экени айтылууда.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин өткөн айда баштаган. Орусияда өздөрү чыгарган «Спутник V» вакцинасын колдонуп жатышат. Кытай да өзүндө өндүрүлгөн вакцинаны колдонуп келет. Бул вакциналардын көпчүлүгү дүйнө өлкөлөрүндө чукул кырдаалда гана колдонулууга уруксат алышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG