Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

“Мыйзамдуулук үчүн” деп аталган жүрүш өттү


Кыргызстандын жарандык активисттер жекшемби сайын борбор шаарда өткөрүп келе жаткан нааразылык жүрүш 3-январда мурдагыдай эле темир жол бекетинен башталып, Эркиндик гүлбагы аркылуу өтүп, борбордук Ала-Тоо аянтында тынч аяктады.

Жүрүшкө чыккандар “Мыйзамдуу өлкө”, “Референдумга жол жок!” деп ураан чакырып барышты.

Бул жарандык активисттердин мыйзамдуулукту талап кылган онунчу жүрүшү болуп калды. Ар жекшемби сайын ондогон адамдар топтолуп, Кыргызстандын бийликтеринен Баш мыйзам, референдум, президенттик шайлоо, сөз эркиндиги сыяктуу маселелерде мыйзамдардын сакталышын талап кылып жатышат.


2020-жылдын 4-октябрындагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктан жана элдик толкундоолордон улам өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Бул күнү шайлоо менен чогуу референдум өтөт. Анда кыргызстандык жарандар мамлекеттик башкаруу түрүн да тандашат.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун түрүн аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш түрдө, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан кабыл алган. Долбоор парламенттин кароосуна оболу 9-декабрда коюлуп, ошол эле күнү биринчи окуудан чукул өткөн.


Парламенттеги айрым депутаттар жана укук адистери аталган мыйзам долбоору "Референдум тууралуу" конституциялык мыйзамдарды бузуу менен, талап кылынган жол-жоболордон өткөрүлбөй туруп, бир кишинин кызыкчылыгы үчүн шашылыш жазылып, чукул кабыл алынды деп сындап келишет.

Айрым президентикке талапкерлер "өлкөдө парламенттик башкаруу түрү өзүн актай албай калды, эми президенттик күчтүү бийлик керек", дешсе, аларды сындагандар "Кыргызстанда чыныгы парламенттик башкаруу алигиче орной элек, авторитардык президенттик бийлик сот бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигин мурдагыдай эле толугу менен көзмөлдөп жатат", деп талапкерлердин түз обого чыккан ачык дебаттарында да билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG