Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Кыргызстанда «евро 4», «евро 5» стандартындагы күйүүчү май сатылууда


Күйүүчү май ташыган автоунаа. Иллюстрациялык сүрөт.
Күйүүчү май ташыган автоунаа. Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмеге ылайык, өлкөгө «евро 4», «евро 5» стандартынан төмөнкү күйүүчү майларды импорттой албайт. Буга байланыштуу 2020-жылдын август айынан бери Кыргызстанда аталган стандарттагы күйүүчү май сатылып жатат. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жогорку сапаттагы күйүүчү майдын сатылып жатышы анын баасына таасир эткен эмес.

«Баалар доллардын кымбатташына байланыштуу көтөрүлдү. Ал эми ЕАЭБдин техрегламентинин буга эч кандай таасири жок. Биздин ассоциациянын мүчөлөрү ал стандарттагы күйүүчү майды акыркы эки-үч жылдан бери эле алып келип сатып жатабыз. Баада айырма жок», - деди ал.

Эшатовдун айтымында, мунай сатуучулардын баары жогорку сапаттагы күйүүчү майды сатууга өтсө, тескерисинче баалар арзандашы ыктымал.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин өлкө «евро 5» стандартындагы күйүүчү майды гана пайдаланат деген техникалык регламентке кол койгон. Бирок кыргыз тарап 2019-жылдын августунан тартып ишке кирүүчү бул эреженин мөөнөтүн бир жылга узартууну өтүнүп Евразиялык комиссияга кайрылган. 2020-жылдын августунан тартып кыргызстандык мунай сатуучуларга «евро 4» жана «евро 5» стандартынан төмөнкү сапаттагы күйүүчү май ташып келүүгө тыюу салынган.

Экономика министрлиги бул эреже өлкөдө күйүүчү майды кымбаттатышы ыктымал экенин билдирген.

Кыргызстанда күйүүчү май пандемия шартында март, апрель айларынан тартып арзандай баштаган. Июль, август айларында Бишкекте Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 29-30 сомго чейин түшүп, октябрь айынан тартып кайрадан көтөрүлө баштаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG