Коомдук ишмер, маалыматтык технологиялары жаатында кыргыз кыздарынын арасындагы алгачкы адис Жаңыл Абдылдабек кызы 73 жаш курагында 6-январь күнү дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.
Ал 1990-жылдары кыргыз өкмөтүнө караштуу Үй-бөлө жана аялдар иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген.
Жаңыл Абдылдабек кызы ошондой эле Жантай хан менен Шабдан баатырдын мурасын чогултуп, изилдөө жүргүзгөн. 2020-жылы «Шабдан баатыр. Доордун тикендүү баскычтары» деген аталыштагы документалдуу романы жарык көргөн.
Жаңыл Абдылдабек кызын акыркы сапарга узатуу 8-январда болот. (ZKo)