Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:49

«Улуттук электр станциялары»: Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Улуттук электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын өкүлү Жолдошбек Байызбеков бүгүн, 7-январда басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымсында жыл сайын электр энергиясын пайдалануу да күчөп жатат.

«Акыркы күндөрү бир суткада 73 млн. кВт/сааттан ашуун электр энергиясы колдонулууда. Бул - максималдуу керектөө. Учурда Токтогул ГЭСинде бардык генераторлор иштеп жатат. Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар».

Байызбековдун айтымында, президенттик шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлердин «Токтогул суу сактагычында 7 млрд. кубметр суу бар» деп айтканы чындыкка дал келбейт.

2021-жылдын жылуулук мезгили аяктаганча Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү болот. Башкы суу чөйчөгүндөгү суунун аз болушу былтыркы жылдын кургакчыл, жаан-чачындын аздыгына байланыштуу болууда.

Декабрь айында кыргызстандыктар 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын жагышканы мурдараак кабарланган. Ага ылайык, 2020-жылдын акыркы айында жалпы Кыргызстанда колдонулган электр энергиясынын көлөмү 2 млрд. 86 млн. 203 миң кВт/саатты түзгөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 220 млн. кВт/саатка көп.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы 2020-жылы декабрь айында Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимити 1 млрд. 886 млн. кВт/саат деп коюлганын кабарлаган.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG